Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды
Бишкек мэриясы
23 ноябрь

Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев капиталдык оңдоо иштери аяктаган Чүй көчөсүнүн (Ак-Босого конушу) жаңыланган бөлүгүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу мэриядан кабардашты.

Жол оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлдү. Жаңыланган жолдун узундугу 1 800 метрди түзөт.