Башкы прокуратура Вьетнамга экстрадициялоо жана укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүнү сунуштады
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Вьетнам Социалисттик Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл аралык укуктук кызматташуу чөйрөсүндөгү эки тараптуу өнөктөштүктүн абалын жана келечегин, ошондой эле ведомстволор аралык байланыштарды чыңдоо жана кесиптик тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Иш жүзүндөгү кызматташтыктын, анын ичинде адамдарды эл аралык издөө жана өткөрүп берүү (экстрадициялоо) маселелери боюнча оң динамикасы белгиленди. Кыргыз тарап Вьетнамдын компетенттүү органдары менен түзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогору баалап, аны андан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кылмыш иштери боюнча адамдарды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эки тараптуу келишимдерди түзүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү долбоорлорду дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүүгө даярдыгын билдирди.
Аталган келишимдерди түзүү эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын кылмыштуулукка каршы туруудагы кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өнөктөштүк мамилелерди андан ары чыңдоого, иш жүзүндөгү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды кармап турууга кызыкдарлыгын билдиришти.
