Кыргызстанда бир жумада 21,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
ЖКККББ
23 ноябрь

Кыргызстанда бир жумада 21,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 2026-жылдын 13нөн 19-ноябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 21 624 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен: 

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 902;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 459;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 193;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 765;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 978;
  • Авто ээнбаштык – 33;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 310;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 15;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 928;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 041 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.