Кыргызстандык дыйкандар айыл чарба техникасын 6% менен лизингге ала алышат
23 ноябрь

Кыргызстандык дыйкандар айыл чарба техникасын 6% менен лизингге ала алышат

  • Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдууларды лизингге берүү долбоору ишке ашырылууда.

Долбоор өлкөнүн айыл чарба тармагын заманбап техника менен камсыздоого, дыйкан жана фермердик чарбалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 45 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган. Бул каражат айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө жумшалат.

Долбоордун алкагында дыйкандар жана фермерлер айыл чарба техникасынын түрлөрүн жеңилдетилген шарттарда төмөнкүдөй тартипте ала алышат:

  • Лизинг мөөнөтү: 7 жылга чейин;

  • Жылдык үстөк чени: 6 пайыз;

  • Каржылоо булактары: «АБанк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору.

Долбоордун ишке ашырылышы айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалардын кирешесин көбөйтүүгө, айыл чарба тармагындагы техникалык базаны жаңылоого өбөлгө болот.

Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленип, жалпы ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин каралган.