Чүй облусундагы «Чалдыбар» өткөрүү пункту унаалар үчүн бир жылга жабылды. Себеби
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 ноябрь

Чүй облусундагы «Чалдыбар» өткөрүү пункту унаалар үчүн бир жылга жабылды. Себеби

2026-жылдын 23-ноябрынан тартып Чүй облусундагы «Чалдыбар — автожол» өткөрүү пункту аркылуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Кыргызстандын «Чалдыбар — автожол» өткөрүү пунктуна чектеш жайгашкан Казакстандын «Сыпатай Батыр — автожол» өткөрүү пунктунда жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу.

2026-жылдын 23-ноябрынан тартып «Чалдыбар — автожол» өткөрүү пункту аркылуу Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына кирген жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүгө жарым-жартылай чектөөлөр киргизилди.

2026-жылдын 25-ноябрында Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дөн тартып «Чалдыбар — автожол» өткөрүү пункту аркылуу транспорт каражаттарынын бардык түрлөрүн, анын ичинде жеңил жана жүк ташуучу автоунааларды, ошондой эле автобустарды эки багытта тең өткөрүү толугу менен токтотулат.

Ошол эле учурда жарандар мамлекеттик чек арадан жөө тартипте мурдагыдай эле өтө алышат.

Казакстан тараптын алдын ала маалыматына ылайык, «Сыпатай Батыр — автожол» (Казакстан) жана «Чалдыбар — автожол» (Кыргызстан) өткөрүү пункттары аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүүнү 2027-жылдын аягына карата кайра жандандыруу пландалууда.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, айдоочуларга жана транспорттук-логистикалык компанияларга сапарлардын жана жүк ташуулардын каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн Чүй облусундагы төмөнкү альтернативдүү өткөрүү пункттарын, аларда белгиленген өткөрүү категорияларын эске алуу менен пайдаланууга болот:

• «Ак-Жол — автожол»;

• «Ак-Тилек — автожол»;

• «Кен-Булуң — автожол»;

• «Токмок — автожол».

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды жана эл аралык ташууларга катышуучуларды чек арадан өтүүдө тыгындардын жана мүмкүн болгон ыңгайсыздыктардын алдын алуу үчүн аталган чектөөлөрдү эске алууга чакырат.