Манас шаарындагы өрттөн эки киши каза болду
видеодон алынган кадр
23 ноябрь

Манас шаарындагы өрттөн эки киши каза болду

Манас шаарынын Ынтымак айылында эки кабаттуу имараттан өрт чыгып, эки киши каза болду. Кырсык 22-ноябрда кечинде катталган. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусутук башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекенов билдиргендей, имараттан үч киши чыгарылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Алардын экөө каза болуп, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Өрт өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылып, саат 21:45те толугу менен чектөөгө алынган.