Бишкек мэриясы
23 ноябрь
Чүй көчөсүндөгү скверге 38 даана катальпа көчөтү отургузулду
Шаарды жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге 38 даана катальпа көчөтү отургузулду.
Иш-чарага Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана сунуштарын укту.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Биринчи Май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
