Кыргызстан-Беларусь макулдашуусу: 30 күн болуу тартиби мигранттарга колдонулбайт
22 сентябрь

Кыргызстан-Беларусь макулдашуусу: 30 күн болуу тартиби мигранттарга колдонулбайт

Кыргызстан менен Беларусь өлкөсүнүн жарандарынын эки өлкөдө жүрүү тартиптерин көрсөткөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында каралды.

Ага ылайык, Кыргызстан жана Беларусь жарандары эки өлкөдө тийиштүү органдарга каттоого турбастан 30 күн боло алышат.

Депутат Чолпон Эсенаманова бул мыйзам долбоору мигранттарга кандай таасир берээрине кызыкты.

“Беларуста иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар ар бир 30 күн сайын өлкөдөн чыгып-кирүүгө аргасыз болуп калбайбы?” – деп сурады.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев эгерде жаран Кыргызстандын же Беларустун аймагына барууда, 30 күндөн ашуун жүрөөрүн билген учурда башка категориялар колдонулат.

Айтымында, мисалы Кыргызстанда:

- эмгек келишим болсо, 1 жылга;

- окуу келишими болсо, окуу жылы аяктаганга чейин;

- Мекен картасы болсо, 1 жылга;

- убактылуу жашоого, 1 жылга жүрүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле, “Кайрылман” макамына ээ жарандар дагы 30 күн менен чектелишпейт.