Чуркоо техникасын кескин өзгөртүү муундарга түшкөн күчтү көбөйтүшү мүмкүн – окумуштуулар
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь

Чуркоо техникасын кескин өзгөртүү муундарга түшкөн күчтү көбөйтүшү мүмкүн – окумуштуулар

Чуркоодо бутту жерге коюунун бир гана туура жолу бар деген түшүнүк илимий изилдөөлөр тарабынан тастыкталган эмес. Ошол эле учурда чуркоо техникасын кескин өзгөртүү буттарга кошумча күч келтириши мүмкүн.

Көптөн бери жөө күлүктөр арасында бутту жерге кандай түшүрүү коопсузураак экени — согончокко же буттун алдыңкы бөлүгүнө таянуу тууралуу талкуу жүрүп келет. Экинчи ыкманы жактагандар мындай техника муундарга түшкөн сокку күчүн азайтып, жаракат алуу коркунучун төмөндөтөт деп эсептешкен.

Бирок изилдөөлөрдө бул ыкмалардын биринин экинчисинен так артыкчылыгы аныкталган эмес.

2024-жылы канадалык окумуштуулар 30 жөө күлүк катышкан эксперимент жүргүзүшкөн. Алгач ыктыярчылар өздөрүнө көнүмүш болгон техника менен чуркашкан. Андан кийин алардан бут коюу техникасын өзгөртүү сунушталган.

Жыйынтыгында, кошумча күч негизинен көнбөгөн техникага өткөн учурда пайда болгону аныкталган. Адам согончок менен чуркоодон буттун алдыңкы бөлүгүнө же тескерисинче өткөнүнө карабастан, муундарга жана балтырларга түшкөн күч көбөйгөн.

Ошентип, жаракат алуу коркунучунун мүмкүн болгон фактору бутту жерге коюунун конкреттүү ыкмасы эмес, буга чейин калыптанган чуркоо техникасын кескин өзгөртүү болушу мүмкүн.

Адистер ошондой эле машыгуунун коопсуздугу бутту жерге коюу ыкмасына гана байланыштуу эместигин белгилешет. Машыгуунун интенсивдүүлүгү жана көлөмү, адамдын физикалык даярдыгы, калыбына келүү процесси жана жүктөмдү акырындык менен көбөйтүү да маанилүү.