Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
Бүгүн, 23-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө” жобону бекитти.
Жобонун негизги максаты - добуш берүү күнү өзгөчө шарттарда турган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусун камсыз кылуу.
Аталган жобого ылайык, шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айрым категориядагы шайлоочулар тууралуу маалыматтарды тактоо, аларга маалымат берүү жана шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү иштерин уюштурат.
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан айрым категориялардагы жарандардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтарды тиешелүү мекемелер милдеттүү түрдө жылына эки жолу (1-февралына жана 1-августуна) бекитилген формаларга ылайык берүү белгиленет.
Редакциялык-техникалык каталарды жоюу жана укуктук жөнгө салуунун мазмунун өзгөртпөстөн айрым сөздөрдү тактоо максатында өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде «ЖӨБО» деген кыскартылган текст боюнча «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген толук түшүнүк менен берилет.
Ошондой эле «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам» термини «майыптыгы бар адам» деген түшүнүккө алмаштырылат.
