«Кыргыз почтасы» Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди
«Кыргыз почтасы» ААКсынын акционери катары чыгуу боюнча Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына өткөрүлдү.
Тиешелүү токтомду министрлер кабинети 2026-жылдын 21-сентябрында кабыл алды.
Документ менен санариптик чөйрөдөгү тармактык жөнгө салуучу органдардын ыйгарым укуктары да кайра бөлүштүрүлдү.
Президенттин Иш башкармалыгы улуттук санариптик экосистеманын тармактык жөнгө салуучусу болуп аныкталды.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө департаменти телекоммуникациялар чөйрөсүндө тармактык жөнгө салуучунун функцияларын аткарат.
Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү жөнгө салуучунун ыйгарым укуктары Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлдү.
Буга чейин «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканадан ачык акционердик коомго кайра түзүлүп, акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде сакталган.
№633 токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, айрым жоболорунан тышкары.
