Чүй камералык оркестри аймактарга гастролдук концерттер менен барат
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 сентябрь

Чүй камералык оркестри аймактарга гастролдук концерттер менен барат

Чүй камералык оркестри жаңы чыгармачылык сезонун аймактардагы гастролдук концерттер менен баштайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Гастролдун максаты — классикалык музыканы кеңири аудиторияга жеткирүү жана аймактарда жандуу оркестрдик музыканы жайылтуу.

Концерттик программада В. А. Моцарт, И. С. Бах, А. Вивальди, Й. Брамс, А. Пьяццолла жана Л. Андерсондун чыгармалары, ошондой эле кыргыз композиторлору С. Медетов, К. Молдобасанов, К. Турапов, К. Артыков жана Ж. Кайыповдун чыгармалары аткарылат.

Оркестрге Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев дирижёрлук кылат. Гастролдук концерттерге Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Макмал Женишбекова жана Элгиз Бейшенбаев катышат.

Концерттер 25-сентябрда Нарын облустук академиялык М. Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрында, 26-сентябрда Ат-Башы районундагы С. Андабеков атындагы маданият үйүндө, ал эми 27-сентябрда Миң-Булак айылынын маданият үйүндө өтөт.

Көрүүчүлөргө дүйнөлүк классиканын жана кыргыз музыкасынын тандалган чыгармалары жандуу аткарууда тартууланат.