Трансформатордон май агып, жер кыртышын булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды
Бишкекте жер кыртышын булгаган ишканага айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик конушунун аймагында жайгашкан трансформатордон май агып, анын кесепетинен жер кыртышы булгангандыгы аныкталды.
Аталган факты боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн жергиликтүү ишканалардын бирине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды айлана-чөйрөнүн булганышына алып келген фактыларга кайдыгер карабай, мындай учурлар тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө чакырат.
