Үч карышкыр жана чөө жок кылынды. Нарында мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо чаралары күчөтүлөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундардын жана чабандардын кайрылууларынын негизинде мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.
Аймактагы тургундардын мал чарбасына келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу, ошондой эле мал-жандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жыл башынан бери жер-жерлерде уюштурулган мергенчилик топтор менен биргеликте ыкчам иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Аталган иштердин алкагында Нарын районунун аймагынан 1 карышкыр, Ат-Башы районунун Ак-Сай аймагынан 2 карышкыр жана 1 чөө жок кылынды.
Нарын регионалдык башкармалыгы жырткычтардын айылдарга жана мал жайыттарына жакындашынын алдын алуу, жергиликтүү калктын мал-жандыктарын коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.
Мындан тышкары, жаратылышты коргоо талаптарын сактоо жана жапайы жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамиле кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
