Ош шаарында «Түштүк Экспо» жарманкеси өтүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 сентябрь

Ош шаарында «Түштүк Экспо» жарманкеси өтүүдө

Ош шаарында “Түштүк Экспо-2026” жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарада жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкан-фермерлердин жана чет өлкөлүк ишкерлердин продукциялары коюлду.

Иш-чарада Ош шаарынын жана облустун райондорунан келген дыйкан-фермерлер айыл чарба продукцияларын сунушташууда. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр менен катар Орусия, Казакстан, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер өз товарларын тартуулашууда.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Айыл чарба министрлиги, Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жогорку окуу жайлар жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, жыл сайын сентябрь айынын акыркы жумасында Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет. Жарманке эки күнгө созулат.