Ош шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди
Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Майрамдык иш-чара Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын уюштуруусунда Бабур атындагы театрда өткөрүлдү.
Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ниязбек Нурбаев, маданият кызматкерлери, чыгармачыл инсандар жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин коомдогу орду, анын өнүгүүсү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүүлүгү белгиленди. Манасчылар, төкмө акындар, белгилүү эстрада ырчылары, бий жана музыкалык топтор өнөрлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
