Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиялар 20%га жогорулайт – Соцфонд
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 сентябрь

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиялар 20%га жогорулайт – Соцфонд

2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га индексацияланат. Бул тууралуу «Түз байланыш» программасынын эфиринде КР Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова билдирди.

Анын айтымында, индексациянын эсептик көрсөткүчү алгач болжол менен 13%ды түзгөн. Ал эмгек акынын өсүшү жана инфляциянын деңгээли эске алынып эсептелген.

Бирок бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу индексациянын көлөмүн 20%га чейин жогорулатуу чечими кабыл алынган.

«Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20%га жогорулатылат, бирок көбөйтүү 1 миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашык эмес болот», – деди Кулжанова.

Ал белгилегендей, ар бир пенсионер үчүн пенсиянын көбөйүү өлчөмү өзүнчө эсептелип, анын камсыздандыруу бөлүгүнүн көлөмүнө жараша болот.

Мисалы, кадимки эсеп боюнча пенсия 200 сомго гана көбөймөк болсо, пенсионерге баары бир кеминде 1 миң сом кошулат.

Эфирде айтылган маалыматка ылайык, пенсиянын орточо көбөйүшү 1 миң 753 сомду түзөт. Индексациядан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 12 миң 898 сомго жетет.