Соцфонд эмне үчүн ар кандай эмгек тарыхы бар адамдар бирдей пенсия ала аларын түшүндүрдү
Ар кандай эмгек стажы пенсиянын өлчөмүндө сөзсүз түрдө пропорционалдуу айырма болот дегенди билдирбейт. Анткени пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү биринчи кезекте төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнө жараша болот. Бул тууралуу «Түз байланыш» программасынын эфиринде Кыргызстандын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова пенсиядагы «теңдештирүү» маселеси боюнча берилген суроого жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, адам 20 жылдан ашык иштеген болушу мүмкүн, бирок айлыгы аз болсо, анын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү да аз болот. Ал эми башка жаран азыраак жыл иштеп, бирок камсыздандыруу төгүмдөрүн көбүрөөк төлөгөн болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, мамлекет пенсиясы өтө төмөн жарандарды колдоого милдеттүү. Бул үчүн базалык бөлүк колдонулуп, анын эсебинен аз өлчөмдөгү пенсиялар белгиленген минималдуу деңгээлге чейин жеткирилет.
Кулжанова кийинки индексация учурунда «теңдештирүү» принциби колдонулбай турганын белгиледи. Камсыздандыруу бөлүгүнүн көбөйүшү анын иш жүзүндөгү өлчөмүнө жараша болот.
«Төгүмдөр канчалык көп болсо, пенсиянын өлчөмү да ошончолук жогору болот жана индексациянын көлөмү да көбүрөөк болот», — деп түшүндүрдү ал.
