Бишкекте ыктыярдуу кан тапшыруу боюнча акция өтөт
2026-жылдын 25-сентябрында 08:00дөн 14:00гө чейин Республикалык кан борборунда (Чынгыз Айтматов проспекти, 60) ыктыярдуу донорлордон кан топтоо акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Кыргызстандагы улуттук кан донорунун күнү ар жылы сентябрдын акыркы жекшембисинде белгиленип, коопсуз канга жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн коомчулуктун көңүлүн үзгүлтүксүз кан тапшырууга буруу, жаштарды жашоонун оор мезгилдеринде бир-бирине жардам берүүгө үндөө жана ал үчүн ыраазычылык билдирүү максатын көздөйт.
Өз канын тартуулоо – заманбап цивилизациянын символу, гуманизмдин бир көрсөткүчү, адам өмүрүн сактоого багытталган коомдук тилектештик асыл миссиясы.
Иш чара төмөнкү максаттарды көздөйт:
• үзгүлтүксүз, ыктыярдуу кан тапшырууга болгон муктаждыкты баса белгилөө;
• улуттук программалардын жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн көрсөтүү жана бекемдөө;
• жаштар арасында үзгүлтүксүз кан тапшыруу практикасын жайылтуу.
Жыл сайын Республикалык кан борбордо болжол менен 30500 л донорлук кан даярдалат. Бирок, бул сандарга карабастан Кыргызстанда калкты даярдалган донорлук кан менен камсыздоо көрсөткүчү – 1000 адамга 12 донорду түзөт. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча – 1000 адамга 40 донор туура келиши керек.
Кан компоненттеринин жетиштүү запастарын камсыз кылуу Мамлекеттик саясаттын жана Саламаттык сактоо системасынын инфратүзүмүнүн ажырагыс бөлүгү, ал эми донорлук кандын өзү стратегиялык ресурс катары каралат.
Донор болууну каалагандар өздүгүн тастыктаган документин алып келүүсү зарыл. Кан тапшыруудан мурун майлуу, куурулган жана сүт азыктарын колдонбоо керек.
