Жогорку Лига клубдарынын экинчи курамдары арасында чемпионаттын жыйынтыктары
21-ноябрь күнү Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков Жогорку Лиганын экинчи курамдары арасындагы 2026-жылкы чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген «Алай-2» командасынын сыйлоо аземине катышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку лигасынын экинчи курамдары арасында 2026-жылкы чемпионатынын жыйынтыктоочу орундары:
✔️ 1-орун — «Талант-2» — 50 000 АКШ доллары
✔️ 2-орун — «Илбирс-2» — 30 000 АКШ доллары
✔️ 3-орун — «Алай-2» — 20 000 АКШ доллары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Лиганын экинчи курамдары арасындагы чемпионаты 2022-жылдан тарта уюштурулуп келет. Турнир жаштар футболун өнүктүрүүгө, жаш оюнчулардын даярдык деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн футболдук клубдары менен улуттук курама командалары үчүн сапаттуу резервди даярдоого багытталган.
Белгилесек, бул чемпионат үчүн акчалай байгелер КФБ тарабынын алгачкы ирет бул сезондо уюшулуп, жалпы байге фонду 100 000 АКШ долларын түздү.
