«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштери башталды
22 ноябрь

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштери башталды

2026-жылдын 21-ноябрынан тартып «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциялоо иштеринин биринчи этабы башталды.

Бүгүн музей-комплексинин башкы директору Медербек Апарханов менен «Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун (ПРЭР) координатору Ш.С. Арыновдун катышуусунда жолугушуу өттү. Анын алкагында подряддык курулуш уюмдарынын өкүлдөрү алдыдагы иштердин долбоору жана реконструкциялоо процессинин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Учурда курулуш техникалары тартылып, алгачкы иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында музей-комплексинин инфраструктурасын жаңылоо, зыяратчылар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Реконструкциялоо иштери Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана уникалдуу мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Келүүчүлөрдүн назарына!

2026-жылдын 23-ноябрынан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери толугу менен жабылат. Ал эми музейдин башкы имаратындагы экспозиция залы келүүчүлөр үчүн ачык болот.