Жыргалаңда «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин ачылышында жашыруун дүйнөлүк жылдыз өнөр көрсөтөт
2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.
Майрамдык программанын алкагында Кыргызстандыктар жана иш-чаранын коноктору үчүн атайын чакырылган дүйнөлүк деңгээлдеги аткаруучу өнөр көрсөтөт. Анын ысымы уюштуруучулар тарабынан азырынча сыр бойдон сакталууда.
«Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин ачылышы музыка, туризм жана Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнүн заманбап мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген масштабдуу маданий окуяга айланат.
Кеченин башкы коногунун ысымы кийинчерээк жарыяланат.
Салтанаттуу иш-чара саат 13:00дө башталат. Кирүү акысыз.
