Тоң районунун Эшперов айылында төлөгө кирген сууну агызууга дренаждык канал курулат
21-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Эшперов айылындагы М. Белеков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жер төлөсүнөн суу чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ошол эле күнү ыкчам түрдө жерине ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 7 куткаруучу тартылган. Түнү менен куткаруучулар 3 турак үйдүн жер төлөсүндөгү сууну мотопомпа менен сордуруп, тепловизору бар дрондун жардамында суунун пайда болуу жолун аныкташкан.
Аныкталган маалымат ылайык, жергиликтүү тургундар айдоо жерлерди сугаруу максатында каналдагы суунун нугун бурушкан. Суу көп убакыт айдоо аянттын каптагандыктан жерге сиңип, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жер төлөсүнөн чыга баштаган.
Эшперов айылынын жашоочуларынын бул көйгөйүн жеринен чечүү максатында, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев Ысык-Көл облустук башкармалыктын башчысы, полковник Мирлан Карабаев жана тиешелүү адистер келишип тапшырмалар берилди.
