Таластагы топ балдардын мушташы боюнча 8 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
22 ноябрь

Таластагы топ балдардын мушташы боюнча 8 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

2026-жылдын 20-ноябрь түнү болжол менен саат 00:00 чамасында А.Ш. аттуу жаранды Талас шаарынын көчөлөрүндө топ балдар атайын алдын ала даярданып, темир жана жыгач таяктар менен уруп, денесине залал келтирип, бейбаштык аракеттерди жасашкандыгы аныкталган.

Аталаган билдирүү Талас ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу 2000-ж.т. А.Ш. аттуу жарандын окуя учурунда денесинен алган жаракаттары аныкталып, катталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда окуяга тиешеси бар жарандар Талас шаарынын тургундары 1995-ж.т. туулган Д.Б., А. Д., Б.А., М.К., Ч.Ж., К.А., Ш.А., жана 1994-ж.т. Н.Т. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин талабына ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда Талас ШИИБ тарабынан ар тараптуу жана обьективдүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.