Сауд Аравия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Жогорку Кеңеш
22 ноябрь

Сауд Аравия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Бүгүн, 22-ноябрда, Сауд Аравия Падышалыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) төрагасы Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен кабарлашты.

Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушуу пландаштырылган.