320 млн сомдук жолдун курулушу үч жылдан бери бүтпөй келет
Базар-Коргон – Кызыл-Үңкүр автожолунун курулушу үчүнчү жылдан бери уланып, бирок иштер дагы деле аягына чыга элек. Бул тууралуу 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков билдирди.
Анын айтымында, долбоордун создугуп жатышына каржылоонун жетишсиздиги себеп болууда.
Курулуштун сметалык баасы 320 млн сомду түзөт.
Депутат иштердин мындан ары да создугушу долбоордун кымбатташына алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурду. Анткени курулуш материалдарынын жана жумуштардын баасы жыл сайын өсүүдө.
Ушуга байланыштуу ал зарыл болгон каржылоону камсыз кылып, жолдун курулушун аяктоого чакырды.
Айбек Алтынбеков ошондой эле Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин курулушун аяктоо маселесин көтөрдү.
Башка депутаттар да бүтө элек жана көйгөйлүү жол объектилери тууралуу сөз кылышты. Улукбек Узакбаев Суусамыр – Арал жолунун курулушун тездетүүнү сунуштады.
Алтынбек Кудайбердиев Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү авариялык абалдагы көпүрө оңдоого муктаж экенин билдирди.
