“Кайта турган маалым болуп калды”, – кыргыздын биринчи жазма акыны Молдо Нияз өз өлүмүн алдын ала билген
29 апрель

“Кайта турган маалым болуп калды”, – кыргыздын биринчи жазма акыны Молдо Нияз өз өлүмүн алдын ала билген

Молдо Нияз Эрназар уулу (айрым булактарда Молло Нийаз) – кыргыздын алгачкы жазма акыны жана өз доорунун өтө билимдүү аалымы болгон. Ал фарсы, араб, чагатай тилдерин мыкты билген жана балдарды араб тамгалары менен кыргызча окуткан агартуучулук милдетти да аркалаган. Улуу инсандын чыгармачылыгы, жашоосу жана бизге белгисиз сырлары тууралуу төртүнчү мууну, тагыраак айтканда кыбырасы Абдумалик Бекмурзаев менен маектештик. 

– Тарыхый инсандар тууралуу ар кандай маалыматтар айтылат, бирок өз урпактарынан өтүп эч ким жакшы билбесе керек. Молдо Нияз тууралуу жазылган эмгектерде сиз уккан чындыкка каршы келген маалыматтар барбы? 

– Чоң атабыз Молдо Нияз тууралуу эң туура жазган Омор Сооронов болду. Ал киши чынында тарыхый маалыматтардын баарын так жазган жазмакер эле. 

Молдо Нияз 19-кылымдагы кыргыздын кыйындары менен бет келишип, сүйлөшкөн, өз доорунун илим-билимдүү адамы болгон. Курманжан датка менен дагы эки жолу жолуккан экен: датканын ташы өйдө кулап, ооматы келип турганда да, андан кийин балдары кармалып, кыргын-сүрөөнгө кабылганда да. Ошондо “Курманжандан оомат кетти” деп жазып калтырыптыр. Омор Сооронов тарыхый инсандардын ар бир сөзүн ошол бойдон сакташ керек деп айтчу. “Бир да сөз кошумча кылбагыла, көбүртүп-жабыртпагыла, бир ооз сөз болсо да өзү кандай айтса, так ошондой калсын”, - дечү. 

Публицист, акын Муса Сапаев да Молдо Нияз тууралуу жазып жүрөт. Анын маалыматтарында бир-эки жерде талаш маселе болуп, анын баарын тактадым. Ал чоң атабызды 5 бир тууган болгон деп жазган. А мен билгенден ал киши 3 бир тууган болчу. Көрсө, Эрназар чоң атабыз беш балалуу болуп, бирок экөөсүн кичине чагында жерге берген экен. Аны мен санжырачы таятамдан калган кол жазмадан таптым. 

Андан сырткары бабабыздын өлгөн жылы да талашта болуп келет. Негизги булактарда 1896-жылы каза болгон деп турат. Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке барып, архивдик документтерден 1907-жылы каза болгонун көрүп келгенин айткан. Ыраматылык Омор Сооронов бул маалыматка макул болгон эмес, 1896-жылдан 1907-жылга чейин, он жылдан ашуун убакыт жазма акын эч нерсе жазбай калышы мүмкүн эместигин белгилеген. Мындан улам мен өзүмчө тактадым: таятам өз заманынын прогрессивдүү кишиси болгон, жогоруда айтканымдай кириллица келе электе латын алфавитинде санжыра жазган, ал: “Молдоке каза болгондо мен 4 жашар чамасындагы бала болчумун, сөөгүн алып кетип баратышканда, эжем мени көтөрүп, карап турганыбыз эсимде”, – деп айтып калчу. Ошондо, таятамдын айтуусу боюнча 1900-жыл болуп калып атат. 

Ал эми 3-версиясы академик Болот Жунусалиевге байланыштуу. Ал киши Прибалтикада бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү чогулган кайсы бир иш чарага катышып калып, ал жактан “силерде Октябрь революциясына чейин жазуу болгон эмес” деп угат. Абдан намыскөй киши болгон экен, ошол сөзгө теригип, ага чейин Кадамжайдан чыккан, Ташкент Обкомго биринчи катчы болгон Азиз Токтобаевден Молдо Нияз жөнүндө угуп калган экен, аны өзү изилдеп көрүүнү чечет. Биздин айылга чейин келип, аксакалдардан сүрүштүргөн. Ал киши айылыбызга 1951-жылы барган, а аксакалдар “молдокенин өткөнүнө 55 жыл болуптур” деп эсептеп беришкен. Мында кайра эле 1896-жылга туура келип жатат. 

Дагы бир тактап койчу жагдай – айрым маалыматтарда бабабыздын байбичесинин ысымы Тумаржан деп жүрөт. А чынында чоң энебиз Бүайша болгон, а Тумаржан кудагыйы. Айрым китептерде чон энебиз Барча деп да жазылат, оңдоп коелу деп көбүнө айттым. 

– Дагы бир суроо – молдокенин бир эле аялы болгонбу? 

– Ооба, бир байбичеси менен көзү өткүчө жашаган. Менимче, ал аялга караганда, билимге көбүрөөк басым жасаган киши болгон. Ал дайыма Кыргызстанды түрө кыдырып, эл таанып, жер таанып, элдин турмушун тереңден билген. Токтогулдагы Керимбай болуштун да ашына келип катышканы айтылып жүрөт. Эки баласы: Мырзакул менен Раззакты чоңойтушуп, үйлөп-жайлашкан. Мырзакулдан – биз, а Раззактан кыздар бар, эркек бала жок. 

– Молдо Нияз өскөн доордо тамга таанып, кат жазуу бай адамдардын гана балдарына таандык артыкчылык болгон эмеспи. Ата-бабаларыңыз бай-манаптардан болгонбу? 

– Карапайым адамдар болушкан. Бабабыздын билим алып калышына анын бир тууган агасы Жусубали жүзбашы себепкер болгон экен. Анын жардамы менен окуп, Кашкар, Маргалаңдан билим алган. Чоң-чоң аталары бий болушкан экен, бирок кийин андай артыкчылыктары жок эле жөнөкөй үй-бүлөгө айланышкан. Муса Сапаевдин айтуусунда, калем-кагаз тартыш, анын үстүндө кымбат болгон заманда Молдо Нияздын алайлык Өмүрзак аттуу досу Кытайдан алдырып берип турган экен. Балким, бул маалыматтын да чындыгы бардыр. Айланасындагы адамдардын таасири, көмөгү менен бабабыз артына улуу из таштап кетти. 

– Үңкүрдө жашаган деген маалыматтар айтылат, бул канчалык чын? 

– Ооба, ал үңкүр мен эс-акылыма келип, 20га чыккан курагымда да бар болчу. Төр тарабы тоо боорундагы үңкүр, ооз жагы арчадан жасалган каана болуп, бабабыз аны медресеге айлантып, балдарды окуткан. Кийин жаан жаап, сүрүлүп кетип үңкүрдүн оозу жабылып калды. Назар деген чоң атабыз бар болчу, ал Молдо Нияз бабабыздын көзүн көргөн, колунда билим алган окуучусу эле, 95 жашка чыгып каза тапты. Ошол чоң атабыз: “Молдо Нияздын көзү өткөндө тестиер бала болчумун, бизди окутуп, кээде чыбык менен чапчу, каза болду деп укканымда, эми сабакка барбайт экенбиз деп аябай сүйүнгөм”, – деп айтканы эсимде.

– Маалыматтарда айтылбаган, бирок муун ичинде урпактардан урпактарга калган кандай окуялары бар? 

– Бабабыз кат тааныганы үчүн эле молдо аталган эмес, ал чынында динди терең окуган жана диний деңгээли жогору адам болгон. Ошондон улам дагы совет мезгилинде анын чыгармачылыгына анчалык көңүл бурулган жок. Бирок биз, айылдагылар, билип чоңойдук. Анын өзгөчө касиети болгон – олуялуулук. 

Кадамжайдын жанында азыр Өзбекстандын анклавына айланган Шахимардан деген ыйык жай бар. Ыйыктыгы – уламыштарга караганда Мухаммед пайгамбардын чоң атасы менен бир тууганынын баласы Азирет Алинин сөөгү коюлган экен. Биз бала кезде айыл аксакалдары Шахимарданга тынбай катташчу. Ал жакка зияратчылар келет, түлөө кылышат, анан аксакалдардын кылган иши – эртең менен туруп, бети-колун жууп алып эле, ошол жакка жөнөмөк. Бабабыз Молдо Нияз бир күнү Шахимардандан атчан түшөт, анын түшүп баратканын баары көрүшөт, анан эле 15 мүнөт өтпөй уулу Мырзакулдун “атамдан айрылдык” деп ыйлаган үнү угулат. Уккандар “азыр эле молдокени көрбөдүкпү” деп ишенишпейт. Көрсө, бабабыз мазардан келип эле уулуна: “Менин кайта турган маалым болуп калды, дааратка суу даярдап бер”, – дейт экен. Дааратын алып, жаткан бойдон үзүлүп кете бериптир. Эч жери ооруган эмес, сопсоо жүрүп эле.

Мындан башка да олуялуулугу тууралуу көп нерсени уккам: замандын өзгөрүшү боюнча алдын ала жазып кеткен, бирок ошол кол жазмалары табылбай калды. Ачарчылык учурда бир барагын бир чака буудайга алмаштырышкан деген да сөздөр бар. Жети китеби болгону айтылат, бирок аны таппай келем. 

– “Аккан арыктан суу агат” деген сөз бар эмеспи, ал кишинин жолун жолдогондор урпактарынан чыктыбы? 

– Мен тогуз бир тууганмын, 1975-жылы төрөлгөн эң кичүү инибиз ыр жазып жургөн, бирок каза болуп калды. Абдан маанилүү ырлары бар эле. 1975-жылкы дагы бир жээнибиз Рахматилла Асиров бабабызды молдолугу жагынан тартып, аалым болуп баштаган, анын да көзү өтүп кетти. Бир эжем өмүр бою дарыгер болуп иштеди, мен андан сурап калдым: “Эмнеге биздин тукумдан бабабыздын жолун жолдогон бирөө-жарым чыга элек?” – деп. Ал медицинанын көз карашынан алып, мындай түшүндүрдү: бабабыздын генин алып төрөлгөнү жаткан бала же бойдон түшүп калуусу мүмкүн же аборт болуп кетти же кичине чагында чарчап калды. Балким, бизден кийинкилерде ген кайрадан жанданат. 

– Бир туугандардын, ал турмак Молдо Нияздан тараган туугандардын арасында санжырага, тарыхка, бабаңызга көбүрөөк сүңгүп кирген сиз окшойсуз. Улам кийинки муунга таанытуу максатында кандай иштер жасалып жатат? 

– Молдо Нияз бир гана биздин бабабыз эмес, жалпы кыргыздын бабасы. 200 жылдыгын белгилегенде, окуучулар арасында дил баян жаздырдык. Абдан сонун дил баяндар чогулду, мен баарын сактап койгом. Арасынан бир окуучу кыз жеңүүчү болду. 

Ушундай сынактарды дагы да уланткым келет. Мисалы, 5-8-класстардын окуучуларынын арасында Молдо Нияздын ырын көркөм окуу боюнча музейде сынак өткөрсөмбү деп жүрөм. Азыр бабабыз жашаган үңкүрдүн жанына кийин анын баласы курган үйдү музей кылып койгонбуз. Бир ташы да оңдолбогон, байыркы үй. Турган турушу эле тарых. Анын ичине бабабыздын колдонгон буюмдарын жана үч кол жазмасын койгонбуз. Азыркы маселе – музейдин кызматкерлеринин айлык акысы болуп турат. Маданият министрлигине ушул маселе менен кайрылсамбы деген оюм бар. Азырынча келинибиз жууп-тазалап карап жатат, ага ыраазыбыз.