Орозбек Кутманалиевдин уулу Каныбек Кутманалиев: “Энелерибиз бөлөк экенин 15 жашымда билгем”
КР Эл артисти, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Ак Мөөр”, “Бөрү зындан” сыяктуу жыйырмага жакын фильмде образ жараткан талант Орозбек Кутманалиевдин 11 баласы бар. Кыргыз киносунда орчундуу тарых калтырган чебер актёрдун сыймыгы да, сыйлыгы да балдары болгон. Алардын кенжеси Каныбек Кутманалиев менен маектештик.
– Каныбек, атаңызга окшош экенсиз, бул сөздү көп ирет уксаңыз керек?
– Мен үйдө эркек уулдардын кичүүсүмүн. Ата-энем 11 баланы багып өстүрүшкөн. Сырткы келбетин атама окшогону менен боюм жапалдаш болуп апамды тартып калыптыр.
– Эки эненин балдары экенсиздер. Бир туугандардын ортосунда ажырым пайда болгон эмеспи?
– 1969-жылы 3 уул, 2 кыздуу болгондо атамдын жубайы оорудан улам каза тааптыр. Ошондо балдарым апасын жоктобосун деп чыгармачылыгынын гүлдөп турганына карабай филармониядагы жумушун таштап, бир нече ай үйдө балдарынын жанында болуптур. Кийин КТРде режиссёр, диктор болуп эмгектенген. Күндүзү ал жерде иштесе, түнкүсүн кинофильмдердин дубляжын жасачу экен. Апам экөө ошол жылдары таанышкан. Ал кезде Чынара эжем кичинекей кези, калтырарга киши жок атам жанына алып алчу экен. Көп учурда апамдын жанына калтырып койсо, апама ынак болуп “апалап” алыптыр. Ошентип кесиптеш болуп жүрүп эле атам менен апамдын жылдызы келишип калыптыр. Апам ал кезде эки баласын жалгыз бакчу. Экөө баш кошкондон кийин дагы төртөөбүз төрөлгөнбүз. Ошентип 11 болуп калдык. Атам менен апам бизди багабыз дешип өмүр бою кара жанын канч уруп иштешти. Ортобузда эч кандай ажырым болгон эмес. Мисалы, апаларыбыз бөлөк экенин мен 15 жашымда билгем. Ага чейин он бирибиз тең бир ата, бир энеденбиз деп билчүмүн. Кудайдын кулагы сүйүнчүн, ата-энем 40тан ашык неберелүү болушту.
– Атаңызды эл Ороскулдун ролунда жакшы таанышты. Үйдө, күнүмдүк тиричиликте кандай адам эле?
– Атам киргенде үйдүн ичи башкача нурга толчу. Көргөн-билгенин, жумушундагы жаңылыктарды, санжыраны айтып берип адамды эриктирчү эмес. Кичирээк кезибизде ар кайсы үндү туурап күлдүргөндү жакшы көрчү. Атам укмуш сонун ырдачу эмес беле, суранып ырдаткандар кайра өздөрү ыйлачу. Өзгөчө “Он үч жашар баланын арманын” ырдаганда ыйлабай угуу мүмкүн эмес эле. Атасы уста болгондуктан бул өнөр атама да өткөн. Балка-чотту алып чыгып койгулап, мен жанында жардам берип жүрөр элем. Бирөө бир жакка чакырса, жардам сурап кайрылса өз оокатын таштап жөнөчү. Андайда апам “Үйгө турган күнүң болобу?” деп калчу. Кийин мени тойлорго кошо ээрчитип жүрдү, жеке айдоочусу элем. Бир ирет Таласка конокко бардык. Сый көрүп отурсак үй ээсинин кошунасы келиптир. “Сизди келди деп угуп атайын бата алайын дедим” деп кой сойдү. Ал жерде конок болуп отурсак, дагы бир кошунасы келди. Бешинчи күн дегенде “ата, менин окуум башталат” деп жолго чыкмай болдук. Бири кап менен төө буурчагын берсе, дагы бири гулазык камдап берип унаабызга болгон азыктарын салып аттап-тондоп узатышканы эсимде. Ким куда тоссо, ачуу басарга барса атам дайыма сап башында, сыйдын үстүндө болчу.
– Кайсы тасмасын көргөндөн тажабайсыз?
– “Ак кеме” тасмасын көп көрөм. Атамды Ороскулдун образына негизи тулку боюна карап тандашкан экен. Андан кийин актёрдук дараметине, үнүнө баа беришкен. Кийин “Эрте келген турналар” тасмасында Марс байкем Анатайдын ролунда, атам жылкыларды уурдаган ууру-кескинин ролунда эле. Ошондо атам Марс байкемди атканын көрүп башкача таасирленгем. Өз атасы баласын кантип атсын, атам мындай таш боор киши эмес эле го деген суроого жооп таба албай убараланганым эсимде. Кийин акыл-эс кирип, оң-терс каармандарды талдап калганда атамдын жараткан образдары мыкты экенине ынандым. “Бөрү зындан” киносун көргөндөн тажабайм.
– Балдарынын кимисинде чыгармачылык талант бар?
– Атамдыкындай жогорку деңгээлде болбосо да баарыбызда аз-аздан талант бар. Чынара эжекем көп жылдан бери телевидениеде иштейт. Марс байкем кино тармагында көп жыл жүрдү, азыр өз кесиби менен кетти. Улуу байкем Касендин уулу Абир Касенов – эстрада ырчысы. Калганыбыз куйкум сөз сүйлөп, жолуккан жерден алыбызга жараша ырдайбыз. Атам жашыраак кезинде үйгө жумушунан камера алып келип калчу. Ага жакшы сөздөрдү, каалоо-тилектерибизди, ошол кездеги жашообузду тартып койчубуз. Азыр бир туугандар чогулганда ошол видеолорду көрүп, бала кезибизге саякат жасагандыжакшы көрөбүз.
– Жашоосунун акыркы жылдарын кандай жашады?
– Мамлекет 1982-жылы үй-бүлөбүзгө шаардан беш бөлмөлүү батир берген. Өмүр бою иштеп көнгөн кишинин үйдө отурушу кыйын экен, ошол Чыгыш-5 кичирайонундагы үйдүн артына соода кылам деп күркө ачты. Аны өз колу менен жасаган. Товар алганы Ош базарына барчу, элди аралап бозо ичип, алчусун алып келчү. Бул да болсо атамдын жөнөкөйлүгү деп билем, башка бирөө болсо “нечендеген сонун ролдорду аткардым” деп соода кылгандан намыстанмак болуш керек. Атамдын ошол жерде жакшы санаалаштары бар эле, алар менен шахмат ойночу. Бир күнү “тоок багам” дейт. “Ата, коюңуз, кошуналар жаман көрүшөт” десем болбой балкондун түбүндөгү чакан жерге тоок да багып жүрдү. Бирөөлөр улак белек кылган экен, аны да кошуп багып атты. Ал улагы атам бир жакка кетсе эле чаңырып издеп калат, келсе тып басылат. Колу менен жем берчү да. Ал кийин эчки болуп, сүтүн да саап калдык. Улуу баламды атам ошол эчкинин сүтүн саап берип баккан болчу.
– Сиздин балдарыңызды көрүп калыптыр да?
– Бир күнү эле “небере жыттагым келет” деди. Эмнегедир ушул сөзүн эки кылбай үйлөнөйүн дедим. Айылдаш сүйлөшүп жүргөн кызыма баш коштум. Атам эртең менен жумушка кетерде келининин колунан чай ичип кетчү. Экөө жакшы сырдашчу. Жубайым манты жасап атса жардам берип: “Мен он манты жейт экенмин, озүмдүн порциямды түйүп койдум”,-деп каткырып күлүп калар эле.
– Акыркы убакта ооруду беле?
– Негизи өзүнүн бронхити бар эле. Эки жолу инфаркт алгандан кийин “үчүнчү чакыруу качан келер экен” десе мен түшүнбөй тойго чакыруу деп жүрүптүрмүн. 2004-жылы декабрь айынын ортосунда бронхит болуп ооруканага жатып калды. Анда да туугандардын балдары үйлөнүп “биз менен кудага барып келиңиз” десе ооруканадан ары кетип калыптыр. Биз билбейбиз. Эртеси келсек кызарып уктап жатат. Доктурларга айтсак “бизди укпай түндө тойго кетип калды” деп атышпайбы. Үйгө чыгып келгенде деле жакшы жүрдү, Жаңы Жылды тостук. “Кечке эле президенттин сөзүн уга беребизби, бул жолу мен сүйлөйүн” деп күлдүрүп, батасын берип отурду. Эрмектеп иштеп турам деп тааныштардын ишканасына кароолчу болуп жумушка орношкон. Ал жакта жан кейиткен деле жумуш жок, вахтаны эле маал-маалы менен өткөрүп бериш керек. Ал жерден да жакын досу менен иштеп, шахмат ойноп убакыт өткөрчү.2005-жылдын 4-январында жумушуна кеткен. Түнкү саат он экиде эс ала турайын деп жатыптыр. Кызыктай дем ала баштаганда жанындагы досу ойготоюн деп барса колун катуу кысыптыр, эки жолу оор үшкүрүп узап кете бериптир. Ошентип атам 2005-жылы 73 жашында инфаркттан каза болду.
Өзү дайыма өлүмдүн жакшысын тилечү. “Кыйналбай, уктап жатып кете берсем экен” деген тилегине жетти. Атам менен кошо эмнегедир кут учкандай болду. Ушул күнгө чейин деле менде атам съёмкага кеткендей эле сезим боло берет...
