Майрамкүл Абышева: Баланын психикасы. Ата-эне эмнелерди билиши керек
18 апрель

Майрамкүл Абышева: Баланын психикасы. Ата-эне эмнелерди билиши керек

Баланын психикалык саламаттыгы эрте курагынан калыптанат жана ал үй-бүлөдөн, күнүмдүк режимден жана улуулардын камкордугунан түздөн түз көз каранды. Ата-энелер эмнелерге көңүл бурушу керек жана кооптуу белгилерди кантип өз убагында байкоого болот – бул тууралуу Балдардын адистештирилген консультативдик поликлиникасынын педиатри Абышева Майрамкүл Абышевна айтып берди.

– Майрамкүл Абышевна, баланын психикалык саламаттыгы деген эмне экенин жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүп бериңизчи?

– Жөнөкөй сөз менен айта турган болсок, баланын психикалык саламаттыгы – кандайдыр бир оорунун жоктугун гана түшүндүрбөйт, ошондой эле анын тынчтыгы, кубанычы, билим алуусу, айланасындагылар менен баарлаша алгандыгы жана кыйынчылыктарды жеңе билгендиги. Бул анын эмоция, жүрүм-турум жана өнүгүүсүнүн ортосундагы гармония.

– Психикалык саламаттык калыптана баштаганда аны алдын ала жакшыртууга болобу?

– Пайдубал өтө эрте куракта түптөлөөрүн түшүнүү абдан маанилүү. Баланын абалына канчалык эрте көңүл бурсак, ал келечекте стрессти ошончолук оңой көтөрөт, коомчулукка ыңгайлашат жана өзүнө бир топ ишенген инсан болуп калыптанат. А профилактика чынында иштейт – бул биринчи кезекте, мээрис, көңүл буруу, үй-бүлөдөгү туруктуу абал. Ошондой эле бүгүнкү күндө тилекке каршы, баланы гаджетке байлап коюу көп кездешип жатпайбы, аны токтотуп, бала менен көп баарлашуу да жемишин берет.

– Эмнеге улууларга караганда балдарга эмоциясын башкаруу кыйын?

– Баланын психикасы жаңы гана калыптанып жаткандыктан улуулардыкынан айырмаланат. Балдар бир топ сезимтал келишет, алар дайыма эле өз эмоциясын туура көрсөтүүнү билишпейт жана жөндөй алышпайт. Ошондуктан аларга улуулардын колдоосу, түшүнүүсү жана катышуусу абдан керек.

– А үй-бүлөдөгү атмосфера баланын психикалык саламаттыгына канчалык таасирин тийгизет?

– Үй-бүлө абдан чоң роль ойнойт. Бала так ошол үй-бүлөдө ишенүүгө, сезимдерин ачыктоого, кыйынчылыкка реакция кылууга үйрөнөт. Баланы угуп, колдоп турушса, үй-бүлөдө тынч атмосфера болсо, анда туруктуу психика калыптанат. Же тескерисинче, дайыма конфликт, кыйкырык, чыңалуу болуп турса, бул баланын абалына терс таасирин тийгизет.

– Күнүмдүк кандай адаттар баланын эмоционалдык абалына таасир берет? Мисалы, уйку, туура тамактануу жана башкалар канчалык маанилүү?

– Мен күнүмдүк режим, уйку жана тамактануу, ошондой эле гаджет менен телевизорду чектөө сыяктуу жөнөкөй нерселерди көңүл сыртында калтырууга болбойт дейт элем. Мисалы, толук кандуу уйку баланын маанайына жана жүрүм-турумуна түз таасирин берет, а режим туруктуулук жана коопсуздук сезимин тартуулайт. Уйкудан калуу көп учурда баланы кыжырдантат, чыргоо кылат жана көңүл буруусун төмөндөтөт.

– Баланын жүрүм-турумундагы кандай өзгөрүүлөр ата-энени кооптондурушу керек?

– Ата-энелер баладагы өзгөрүүлөрдү кылдаттык менен байкап турууга тийиш. Эгер ал түнт тартып, тынчсызданса, көп ыйласа, агрессия көрсөтсө же оюнга, окууга кызыгуусун жоготсо – бул көңүл бурууга негиз болчу белги. Айрыкча, эгерде мындай белгилер бир нече жумага созулса, анда адиске тез арада кайрылуу зарыл.

– Айтсаңыз, психикалык саламаттык жаатынан караганда, өспүрүм курак эмнеси менен айырмаланат?

– Өспүрүм курак – бул бала олуттуу эмоционалдык өзгөрүүлөрдү жашап жаткан мезгил. Бул учурда баланын маанайы канчалык тез өзгөрүп жатканына, көп сүйлөбөй, өзү менен өзү болуп калганына, жашоого болгон кызыгуусу солгундаганына жана балким, гаджеттерге байланып калганына көңүл буруу керектелет. Бирок башкы нерсе – ишенимди сактоо. Өспүрүмгө ата-эне тарабынан көзөмөл гана эмес, түшүнүүчүлүк да бардыгын билүү маанилүү.

– Баланын чөйрөсү анын психологиялык бакубаттуулугунда кандай роль ойнойт?

– Жалпы коомчулуктун – мектеп, медициналык кызматкерлер, баланын чөйрөсүнүн ролу чоң. Баланы сындабай, ар кандай терс сөздү айтпай, тескерисинче, колдоо жана түшүнүү абдан зарыл. Кээде жөнөкөй түшүнүүчүлүк жана жылуу мамиле баланын психикалык саламаттыгын сактоодо чечүүчү роль ойноп коюшу мүмкүн.

– Аны менен катар физикалык саламаттыгын да байкоону унутпаш керек.

– Албетте. Ата-эне баланы же өспүрүмдү педиатрга алып барып, ден соолугун текшертип, диспансеризациядан өткөрүп жана зарыл анализдерди тапшыртып турууга да тийиш.