Бактыгүл Абды-Жетиген: “Мен өзүмдү өткөн чак менен келечектин ортосундагы көпүрө катары сезем”
Көпчүлүккө өзүн пиарлабай, атагын чыгарууга умтулбай, бирок ошол эле убакта көшөгө артында кумурскадай иштеп, тарыхтын бир тамырын кармап турган адамдар болот. Бактыгүл Абды-Жетиген – Бактыгүл Абдисаламовна Жетиген – белгилүү этномузыкант, комузчу, дастанчы, төкмө жана ат үстүндө жаа атуу (Салбуурун) боюнча республикалык жана эл аралык чемпион. Ал жакында Алтай жергесиндеги элдик мастер Александр Гнездиловден чыгыш арфасын белекке алган. Бактыгүл Абды-Жетиген бул аспапты “Кыргызстан жана Алтайдын достугунун жана Бактыгүл Абды-Жетиген – Бактыгүл Абдисаламовна Жетиген – белгилүү этномузыкант, комузчу, дастанчы, төкмө жана ат үстүндө жаа атуу (Салбуурун) боюнча республикалык жана эл аралык чемпион.маданий алмашуусунун символу” деп эсептейт жана маегинде байыркы аспаптардын сыры, аны жаштарга жеткирүүнүн жолу тууралуу айтып берди.
– Кыргыздын көөнө музыкалык аспаптарына болгон кызыгуу качан жана кантип ойгонгон?
– Менин улуттук музыкага, анын ичинде көөнө аспаптарга болгон сүйүүм бала кезимден, канымдан келген десем жаңылышпайм. Бирок анын кесипкөйлүк деңгээлде аң-сезимдүү түрдө ойгонушу К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окуп жүргөндө башталды. Салттуу музыканы, элдик аспаптарды тереңдеп үйрөнүү мага ата-бабаларыбыздын улуу мурасын сезүүгө жол ачты.
Ал эми көөнө, унутулуп бара жаткан аспаптарды кайра тирилтүүгө болгон чыныгы кумарым жана максатым 2018-жылдары өзгөчө күч алды. Ошол кезде көпчүлүк биле бербеген, бирок добушунда кылымдардын жаңырыгы катылган жеттиген аспабын изилдеп, аны элге жайылтууну колго алдым. Бул жөн гана кызыгуу эмес, менин жан дүйнөмдүн чакырыгы жана кыргыз маданиятынын алдындагы милдетим болчу.
- Бир нече аспаптарда ойной алаарыңызды билебиз, алардын баарын өздөштүрүүгө канча жыл кетти жана бүгүнкү күндө өзүңүз канааттана турган чекке жеттим деп ойлойсузбу?
- Ооба, бир нече салттуу аспаптарда ойнойм. Бирок бул «менин ушунча жылым кетти, эми баарын билип бүттүм» деп айта турган процесс эмес. Бул — өмүр бою улана турган жол. Консерватория жылдарынан баштап эсептегенде, ондогон жылдар ушул өнөрдүн аркасында келе жатам. Ар бир аспаптын өзүнүн кулк-мүнөзү, сыры болот. Аны өздөштүрүү — жөн гана техникалык түрдө күүлөрдү үйрөнүү эмес, ошол аспап аркылуу бабалардын духу менен байланышуу.
Чекке жетүү деген түшүнүк чыгармачылыкта болбойт го. Эгер мен «өзүмө канааттандым, туу чокусуна жеттим» деп ойлогон күнү, менин музыкант, изилдөөчү катары өсүшүм токтойт. Мен дагы деле изденүү үстүндөмүн. Жаңы аспаптарды өздөштүрүп, алардын үнүн заманбап дүйнөгө ылайыктап жаңыртам деп дагы деле окуп, үйрөнүп келем.
- “Жалгыз дарак бак болбойт” дейт эмеспи, байыркы аспаптарды бүгүнкү күнгө кайрып келүүдөгү аракетиңиз канчалык ишке ашып жатат?
- Абдан туура айтасыз, «Жалгыз дарак бак болбойт, жалгыз адам атак болбойт». Жалгыз баштаган иш бүгүн чоң бир кыймылга, пикирлештердин чөйрөсүнө айланды. Менин эң чоң жетишкендиктеримдин бири — 2020-жылы «Нур Жеттиген» фольклордук ансамблин түзүшүм болду. Бул ансамблде менин балдарым Нурэл менен Элеонора да чогуу ойноп, үй-бүлөлүк ансамбль катары байыркы аспаптардын үнүн жаңы нукта тартуулап келебиз.
Ошондой эле, менин идеяларымды, изилдөөлөрүмдү колдоп, аспаптарды өз колу менен жасап берген залкар усталар бар. Маселен, 7 кылдуу аркайыкты жасаган Нураддин Абдыразаков, Алтайдагы усталар жана башка өнөктөштөрүм менин тирегим. Аракеттерибиз ишке ашып жатат, анткени биз бүгүн сахнадан байыркы күү угузгандан сырткары, телеканалдарга чыгып (жакында эле УТРКнын «Таң Нуру» берүүсүндө аркайык аспабы менен тарыхый түз эфирге чыктык), эл аралык деңгээлде долбоорлорду сунуштап жатабыз.
– Азыркы өсүп келаткан муунга байыркы аспаптар кызыкпы жана кызыгууну кантип кайтарсак болот?
– Бул маселе мени дайыма тынчсыздандырат. Бүгүнкү интернет, санарип доорундагы жаштарга байыркы аспаптарды жөн эле «бул биздин тарых» деп мажбурлап угуза албайбыз. Бирок аларда кызыгуу бар, аны туура ойготуу керек. Жаштар өзгөчөлүктү, оригиналдуулукту издешет. Байыркы аспаптардын заманбап музыкалык багыттар менен айкалышы, алардын кооз жана сырдуу үнү жаштарды таң калтырбай койбойт.
Кызыгууну кайтаруунун жолу – билим берүү жана пропаганда. Менин чоң максаттарымдын бири – атайын этно-мектеп ачуу жана бул көөнө аспаптарды консерваториянын, музыкалык окуу жайлардын программасына киргизүү. Ошондой эле, биз жаштарга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Мен өзүм ат үстүндө жаа атуу («Салбуурун») менен да кесипкөй деңгээлде алектенип, республикалык, эл аралык мелдештерде чемпион болдум. Мунун баарын маданият менен айкалыштырып, шоу программа катары көрсөткөндө жаштар «көөнө маданият – бул заманбап, модалуу жана кубаттуу нерсе» экенин түшүнүшөт.
– Жалаң музыка менен жүргөн адамдын жандүйнөсү назик болот эмеспи, ар кандай көңүл калуулардан өзүңүздү кантип коргойсуз?
– Ооба, өнөр адамынын жан дүйнөсү абдан назик, сырчыл келет. Кээде түшүнбөстүктөр, колдоонун жоктугу же маданиятка болгон кайдыгерлик адамдын көңүлүн катуу калтырышы мүмкүн. Мени бул нерселерден биринчи кезекте спорт жана табият коргойт.
Жаа атуу – бул мен үчүн жөн гана спорт эмес, бул медитация, ички балансты табуу жана топтолуу (концентрация). Жааны тартып, бутаны мээлеген учурда ичимдеги бүткүл терс энергиядан арылып, рухий жактан тазаланам. Экинчиден, менин үй-бүлөм, балдарым жана пикирлештерим – менин чебим. Анан албетте, менин аспаптарым. Качан гана көңүлүм чөккөндө аспапты колго алып, бабалардын күүсүн сыздаткан учурда, бүткүл таарынычтар унутулуп, жан дүйнөм кайрадан күч-кубатка толот.
– Алтай крайынын мастери Александр Гнездилов менен дагы иш аракеттерди жасап жатканыныңызды уктук, ушул боюнча айтып берсеңиз? Арфа музыкалык аспабын алып келүү кандайча ишке ашып жатат?
– Бул мен үчүн абдан чоң, тарыхый жана сыймыктуу долбоор. Алтай – биздин ата-журтубуз, түрк дүйнөсүнүн алтын бешиги. Менин устатым, Алтай Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ногон Шумаров мага ушул көөнө аспаптын философиялык негизин түшүндүрүп, жол көрсөткөн инсан. Ал эми Барнаулдагы заманбап деңгээлдеги улуу мастер Александр Ильич Гнездилов экөөбүз биргелешип, чоң иш жасадык.
Бул сиз айтып жаткан «арфа» – чындыгында биздин байыркы “аркайык” аспабыбыз (арфа тибиндеги көп кылдуу көөнө аспап). Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде мен Барнаулга барып, Александр Гнездилов жасаган заманбап, 24 кылдуу аркайык аспабын расмий түрдө өткөрүп алдым. Бул аспаптын Кыргызстанга келиши – биздин маданий байланыштарыбыздын туу чокусу. Азыр ушул аспапты жандандырып, кыргыз жергесинде гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанытуу боюнча чоң иш-аракеттерди көрүп жатабыз.
– Кыргыздын уңгусуна кайрылуу канчалык күч эмгекти талап кылууда жана бул сизге канчалык маанилүү?
– Кыргыздын уңгусуна, түпкү тамырына кайрылуу – бул жөн гана архивди барактап коюу эмес. Бул өтө зор жоопкерчиликти, ийне менен кудук казгандай мээнетти, тарыхый, лингвистикалык жана музыкалык изилдөөлөрдү талап кылат. Кээде бир аспаптын сырын ачуу, анын уңгу үнүн табуу үчүн айлап, жылдап убакыт кетет. Архиологиялык табылгаларды изилдейсиң, уламыштарды кууп отуруп чындыкты табасың.
Бирок бул эмгек мен үчүн өтө маанилүү, атүгүл менин жашоомдун маңызы десем болот. Мамлекет тарабынан бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» наамын алганым да ушул эмгектин бир үзүрү. Биз уңгубузду жоготсок, улут катары жоголобуз. Мен өзүмдү өткөн чак менен келечектин ортосундагы көпүрө катары сезем. Бабалардын улуу мурасын бүгүнкү муунга таза, улуу бойдон өткөрүп берүү – менин эң башкы миссиям. Алдыда дагы чоң пландар бар.
