Канатбек Мамырканов, КР Эмгек сиңирген артисти: “Мен да бай-манаптын ролун ойногум келет”
21 май

Канатбек Мамырканов, КР Эмгек сиңирген артисти: “Мен да бай-манаптын ролун ойногум келет”

Алыскы Нарын облусунда жашап жүрсө да кыргыз маданиятына опол-тоодой эмгек жасаган Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген артисти Канатбек Мамыркановду коомчулук алкаштын образында тасмалардан көрүп келет. Бирок Канатбек агабыз чыныгы жашоосунда бала күнүнөн спирттик ичимдик ичпээрин көпчүлүк билбесе керек. Кант диабети менен жабыркап келген атактуу таланттын кызыктуу маегин сиздерге сунуштайбыз.

– Канатбек  ага, театрда эмгек кылганыңызга канча жылдын жүзү болду?

– Адеп театр босогосун аттаганымда 1986-жыл эле. Ата-энемдин жалгыз уулу болгонум үчүн артист болушума каршы болушуп,башында мал догдурдун окуусуна окутушту. Мектепти аяктап Нарындагы орто окуу жайлардын биринде ветеринардык факультетте билим алдым. Эмнегедир эле чыгармачылык жөнүндө кеп боло калганда ата-энем, “Артистик да кесип бекен?! Артист болгондор бузулуп кетет, ичип кетет, көп аял алат” деп эле ататпай каршы болуп коюшкан. Ошентип Фрунзеге мал догдурлук окууну жогорулатканы келип, Скрябина атындагы окуу жайда окуп баштадым. Студенттер арасында өтүүчү кароо конкурсттарга катышып, Алматыга чейин барып ырдап келип жүрдүм. Кийин 3-курс окуп жүргөнүмдө биротоло сабагымды таштап чыгармачылыкка кеттим. Быйыл  театр босогосун аттаганыма туура 40 жыл болот.

– Кино менен театр артисттеринин айырмасы эмнеде?

– Театрда окуп жаттап даярданасың. Бир образды чыгаруу үчүн бир нече убакыт кетет. Режиссер эт туурагычтан өткөргөндөй эле сени сындырып ролго даярдап чыгат. Ал эми кинодо болсо барып эле режиссердун алдына түшүп бересиң. Анын айткан тапшырмасы менен образың жаралат. 2004-жылы эң алгач Э.Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” тасмасында Токо дегендин ролун жараткам. Башында сүрдөп, кинонун корифейлери М.Токтобаев, Б. Алиевдердин камера алдында ойноп жатканын көрүп, “Кантип тартылып жатышат?” деп дыкат карап, өзүмдүн ролума сарсанаа болуп, толкунданганым эсимде. 

– Эң алгач тасмада алкаштын образын жараткан турбайсызбы? 

– Ооба, Эрнест Абдыжапаров ошондо “Граждане алкоголики” деп чакырып, “Мага ичкенден кийинки башы ооруп турган адамды ойноп бериңиз” деп калды. Айылда арактан башы чыкпаган Малик деген байкем бар эле. Ошонун ичкенден кийинки абалын эстеп ойноп берсем жагып калып, ошондон улам кинодо жүрүп калдым. Бара-бара камера алдында күнүңкү жашоодо жашап жаткандай эле көз караш менен роль жарата баштадым. 

– Чын эле көп учурда “алкаш” адамдын образын жаратасыз. Жашоодо ичесизби?

– Бул алкашка окшогон кебетени Кудай аларга окшоштуруп жаратып коюптур. Негизи бала күнүмдөн спирттик ичимдик оозума албайм. Бирок ушул кезге чейин  кырктай кино тасмаларга тартылсам 80 пайызы “тормос”, арака суусаган алкаштын ролдорун жаратып жүрөм. 

– Бирок сиз эпизоддук эмес башкы каарманды баатырлардын, тарыхый инсандардын образын жараткыңыз келеби?

– Аябай ойногум келет. Тарыхый инсандардын образын жаратсам деген кыялым бар. Садык Шер-Нияз “Курманжан датка” тасмасын тартып баштаганда байдын ролун ойносом деп сурангам. “Бул кинодо алкаш же тормос жок Канатбай. Сен ампулаң таптакыр башка” деп ал кинодон роль бербей четтетип койгон.

– Андай учурда кандай абалда болосуз?

– Албетте катуу кабыл алам. Мен деле жакшы роль менен элдин эсинде калгым келет. Кебетең оңолбойт, бусулбайт да экен. Бирок тасма үчүн өзгөртсө болот деген ойдомун.  Себеби, жаш режиссер Руслан Акун 500 сомду тартабыз деп Саякбай Каралаевдин образын мага берди. Гримм менен эрандан таптакыр башка адамды көрүп, “демек болот экен го” деген ойдо калдым. Өткөндө Нооруз майрамына карата  Президентибиз Нарынга келбеди беле. Анда да Манас айтып жаткан Саякбайды көрсөттүм.  Садыр Нургожоевич эки мүнөттөй тиктеп турганын байкап, демек манасчынын образы жакшы чыккан деген ойго келдим.

– Маданият аксап турган кыйын учурда театрда иштедиңиздер. Артты карап кылчайганда эмнелер көз алдыңызга элестейт?

– Жакында Садыр Нургожоевич айлыгыбызды көбөйтүп кубанып калбадыкпы. Бир кезде алганыбыз 135 сом айлык. Ошону да жарым жылдап албай иштеген учурлар болгон. Гостролго чыгабыз, чочко, кой козуга “бартер” деп концерт, спектакль коебуз. Баягы чочкону күнү кечке базарга алып чыгып саткан күндөр да болгон.  Көп учурда варенье, жумуртка, алма-өрүк азык түлүгүнө алмашуу жолу менен концерт коюп иштегенбиз. Ушундай кыйынчылык менен театрды сактап калгандарданбыз. Кече келе калышып, “Дипломдуулар иштесин. Диплому жокторду иштен бошоткула” десе адилетсиздикке ичиң ачышат. Өнөр деген кудайдан берилген өзгөчө белек деп кабыл алыш керек. 

– Адилетсиздик демекчи, жашоодо андай кырдаалга кабылган учурларыңыз болду беле?

– Ооба, бир кезде театр кызматкерлерине мамлекет үй берет деп калды. Мен ала турчу үч бөлмөлүү квартираны башкага берип, беш балам менен кичинекей бир бөлмөлүү батирге киргизип коюшкан эле. Көрсө ошол кезде эле кичине болсо да коррупция бар экен да. Бир бөлмөдө жети адам жашап жүрдүк. Бир күнү, “Менден кийинки келген артисттерге, 2-3 баласы барларга 2-3 бөлмөлүү батир бересиңер дагы эмнеге мага жок?” дедим. Ыраматылык Капар Медетбеков провсоюздун башчысы эле. Менин ачуумду байкады көрүнөт, мен сага Нарындын башка жагынан эки бөлмө бердирейин деди. Ошентип мамлекет берген эки бөлмө квартирада  37 жыл жашадым. Алтынчы балам төрөлүп, эрезеге жетип аскер кызматкери болду. Кийин жер алып, ак өргө көтөрдү. Ал уулум Баткенден чек араны коргоп жүрүп, жараат алып келип азыр үй бүлөсү менен жаныбызда. Кудайга шүгүр 4 кыз, 2 уулум бар. Чоң уулум ата конушун жаппай айылда мал жан менен алек. Кичүүсү биз менен. Кыздарым да очор бачар. Небере жытын жыттап, байбичем экөөбүз бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатабыз.

– Театрда, кинодо иштеп жүрүп эмне таптыңыз да эмнени жоготтуңуз?

– Жакшылык көп болду. Үй-бүлө, атак даңк, жоро жолдош таптым. Бала чакамды ак эмгегим менен чоңойттум. Бир гана өкүнгөнүм, киного тартылып жүргөн кезимде атам инфаркт илдетинен өтүп кетти. Ошол кездерде жанында болуп акыркы сөзүн угуп калсам болмок деп өкүнүп калам. Менин карындашым, эжем, иним байкем эч кимим жок. Жпадан жалгыз  баласы болгонум үчүн балким ичинде айта турган кеби болгондур деп ойлонуп калам. Дагы жакшы топурак салганга үлгүргөн элем.