Кыргызстандыктардын 40 пайыздан ашыгы бул жайда дээрлик эс алган эмес
2026-жылдын жай мезгилинде сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын ондон төрттөн ашыгы дээрлик эс албаганын билдирген. Мындай маалыматтарды HeadHunter.kg платформасы жумуш издөөчүлөр жана иш берүүчүлөр арасында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында келтирди.
«Бул жайда толук кандуу эс ала алдыңызбы?» деген суроого респонденттердин 42 пайызы дээрлик эс албаганын билдирген.
Жакшы эс алып, күчүн калыбына келтире алганын сурамжылоого катышкандардын 19 пайызы айткан. Дагы 17 пайызы эс алуусуна көбүнчө канааттанганын, бирок мындан да көбүрөөк эс алгысы келгенин билдирген.
Сурамжылоого катышкандардын 13 пайызы эс алуусун жетишсиз деп баалаган. Ал эми 9 пайызынын негизги эмгек өргүүсү али алдыда экенин айткан.
Сурамжылоо HeadHunter.kg платформасы тарабынан Кыргызстандын 100 жумуш издөөчүсү жана иш берүүчүсү арасында жүргүзүлгөн.
