Жумуш берүүчүлөр үчүн: кыргызстандыктар жумуш издөөдө эмнелерге маани беришет?
Жыл сайын эмгек рыногу улам ийкемдүү жана ар тараптуу болуп баратат. Аралыктан иштөө, гибриддик форматтар, корпоративдик маданият жана жумуш берүүчүнүн баалуулугу – ушул факторлордун баары кирешенин деңгээли, туруктуулук сыяктуу салтка айланып калган шарттар менен айкалышып, жумуш издөөчүлөр үчүн маанилүү болуп баштады.
Жумуш издөө жана кызматкерлерди табуу боюнча КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы платформа HeadHunter жумуш издөөдө эмнелерге көңүл бурулаарын аныктоо максатында 150дөн ашуун кыргызстандык жумуш издөөчүлөргө сурамжылоо жүргүзгөн. Маркетинг жана PR боюнча менеджер Мухамед Багдатулынын маалыматына караганда, жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:
Жумуш тандоодо эмне маанилүү?
- Эмгек акынын суммасы – 70 пайыз.
- Жумуш берүүчүнүн туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү – 60 пайыз.
- Эмгектенүүдөгү ыңгайлуу шарттар (офис, аралыктан иштөө, график) – 45 пайыз.
- Карьералык өсүү мүмкүнчүлүгү – 30 пайыз.
- Корпоративдик маданият жана компаниянын баалуулугу – 17 пайыз.
- Жумуш берүүчүнүн репутациясы -10 пайыз.
- Башка – 2 пайыз.
Жумуш издөөчүлөрдүн аралыктан иштөөгө болгон мамилеси
- Гибриддик форматтын жактоочулары – 45 пайыз.
- Жагат, бирок талап кылбайт – 30 пайыз.
- Офисте иштөөнү каалайт – 33 пайыз.
- Аралыктан иштөөчү иштерди гана издейт – 10 пайыз.
- Башка – 5 пайыз.
Корпоративдик маданият канчалык маанилүү?
- Жагымсыз чөйрө болбошу маанилүү – 50 пайыз.
- Санаалаштар менен чогуу иштөөнү каалайт – 40 пайыз.
- Өз убагында айлык акы берилиши керек – 25 пайыз.
- Буга көңүл бурбайт – 25 пайыз.
Өзүнүн өнүгүүсү үчүн аз айлыкка иштөөгө макул болушабы?
- Айлык акыдагы айырмачылыкка жараша – 60 пайыз.
- Жок, кирешенин деңгээли башкы нерсе – 30 пайыз.
- Ооба, өнүгүү маанилүү – 15 пайыз.
- Азырынча чечим кабыл ала элек – 11 пайыз.
- Башка – 1 пайыз.
Сурамжылоого катышкандардын пикири:
“Мен үчүн башкы нерсе – жетекчилик жана кесиптештердин сый-урматы. Мен атмосфера үчүн. Сени баалаган эмгек жамаатында болуу – акчадан да жогору”.
“Өзүмдү өнүктүргүм келет, ошондуктан окутуулары, курстар же тажрыйбалуу команда бар жумуш издейм. Айлык акы маанилүү, бирок мен эгерде өсүү жана өнүгүү бар болсо, аз нерседен баштоого даярмын”.
“Мага жеке жашоо менен жумуштун ортосундагы тең салмактуулук маанилүү. Ашыкча иштеп, түн жарымга чейин отургум келбейт. Менин кылган ишим бааланарын сезгим келет”.
Жыйынтык
Кыргызстандык жумуш издөөчүлөр төмөнкүлөргө басым жасашат:
- Финансылык стабилдүүлүк
- Жумуштун гибриддик форматы
- Карьералык келечек
- Жагымдуу жумуш чөйрөсү.
Азыркы жумуш издөөчүлөр бир гана жумуш эмес, жашоо образын да тандашат. Жумуш берүүчүлөр күчтүү адистерди тартып жана алып калуу үчүн ушул нерселерди эске алууга тийиш.
