Азия оюндары – 2026: Мурат Ботоев коло медаль үчүн күрөшөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь

Азия оюндары – 2026: Мурат Ботоев коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 30-сентябрда, Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын спортсмени Мурат Ботоев коло медаль үчүн күрөшөт.

130 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Мурат Ботоев алгачкы беттеште япониялык Юта Нара менен килемге чыгып, 1:1 эсебинде акыркы аракети үчүн женишке жеткен

Чейрек финалда ирандык Амин Мирзазадеге каршы беттешип, 0:3 эсебинде жеңилген.

Коло медаль үчүн беттеште кытайлык Лингзе Менг менен килемге чыгат.