Жаанбаев: Динчил жарандар үчүн шарияттын негизинде ипотека берүү жолдорун карап чыгуу керек
30 сентябрь

Жаанбаев: Динчил жарандар үчүн шарияттын негизинде ипотека берүү жолдорун карап чыгуу керек

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга шарият механизмин киргизүүнү сунуштады. 

“Мага динди катуу карманган көптөгөн адамдар кайрылып жатышат. Алар дагы Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алгылары келет, бирок пайызын укканда кетенчиктешет. Анткени, исламда пайызга алуу туура эмес. Ошондуктан МИК шарияттын негизинде альтернативалык турак жай каржылоо механизмин иштеп чыкса деп сунуштайм. Бир катар банктар мындай механизмди сунуштап жатышат. Ошолор сыяктуу кылып, пайызга эмес, бөлүп төлөө жолу менен ипотека берүүнүн жолун караштырсак”, - деди Жаанбаев.