Новопокровка – Туз жолунун беш чакырымына асфальт төшөлдү
Иллюстрациялык сүрөт
30 сентябрь

Новопокровка – Туз жолунун беш чакырымына асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка – Туз унаа жолунда асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун беш чакырым бөлүгүн асфальттоо пландалган.

Учурда №43 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тиешелүү иштер белгиленген графикке ылайык аткарылып, жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү.

Жолдун оңдолушу менен жергиликтүү тургундар үчүн каттам ыңгайлуу болуп, айдоочуларга коопсуз шарт түзүлөт. Ошондой эле айылдар менен район борборунун ортосундагы транспорттук байланыш жакшырат.

Жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө.