Нарын облусунда топурак - агрохимиялык лабораториясы ишке кирди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министирлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облусунда топурактын агрохимиялык абалын аныктоого багытталган лаборатория ишин баштады.
Лабораториянын ачылышына Департаменттин жетекчилиги, Борбордук токсикологиялык лабораториянын башчысы, Нарын облусунун жетекчилигинин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле фермерлер катышты.
Мындан сырткары маанилүү жаңылык Нарын облусуна топуракты агрохимиялык изилдөө үчүн көчмө лабораториялык топтом биринчи жолу алып келинди. Бул заманбап жабдуу жер кыртышынын агрохимиялык көрсөткүчтөрүн жеринде аныктоого жана алынган жыйынтыктардын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө туура агротехникалык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Лабораториянын ишке кириши Нарын облусундагы фермерлер үчүн топурактын абалын илимий негизде баалоого, жер семирткичтерди туура пайдаланууга жана топурактын түшүмдүүлүгүн сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
