Депутат: 7 миң онкологиялык бейтапты дарылоого 6 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат
сүрөт: depositphotos.com
30 сентябрь

Депутат: 7 миң онкологиялык бейтапты дарылоого 6 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат

Кыргызстанда 7 миң 40 адам онкологиялык оорулар менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү ооруканаларда онкологиялык ооруларды дарылоого 6 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

Ошол эле учурда мамлекет бул максатка 550 млн сом бөлө алат.

Депутат онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптарды дарылоого бөлүнүүчү каражаттын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды.