Депутат: Бишкек-Ош аба каттамына билет баасы башка шаарларга караганда эки эсе кымбат
Депутат Бурул Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек-Ош аба каттамына болгон билет баасы элдин нааразычылыгын жаратып жатканын билдирди.
“Акыркы убакта бул кырдаалга көбү туш болуп жатат. Учактагы алдыңкы жана ортоңку орундарга баа кошумча нарк менен сатылат экен, мисалы 1500-2500 миң сомго чейин үстөк баада. Андай болсо эмнеге жалпы билетти арзандатып коюшпайт? Аба каттамында Ош менен Бишкектин аралыгы 300 чакырым экен. Ушундай эле аралыктагы башка шаарларга учактарга билеттердин баасы дээрлик эки эсе арзан. Айрым билеттерди үстөк баа менен сатып пайда көрүп жатышкандан кийин арзандатыш керек да”, - деди ал.
Ошондой эле депутат билет баалары аваикомпаниялардын ички эрежелери аркылуу гана бекитилип жатканын кошумчалап, жалаң гана акча дей бербей, адамдык сапатка да басым жасоого чакырды.
“Авиабилеттер 65-70 пайыз сатылса, кирешеге чыккан болуп эсептелинет экен. А биз көрүп жатабыз, бир дагы жарым-жартылай жүргүнчү менен учкан учак жок, баары толук учат”, - деди Аманова.
