Барпы айыл өкмөтүндө бир катар экологиялык талаптар бузулган, 75 миң сом айып салынды
видеодон алынган кадр
30 сентябрь

Барпы айыл өкмөтүндө бир катар экологиялык талаптар бузулган, 75 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Барпы айыл өкмөтүнө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленбеген жерлерге таштанды калдыктары ташталып, өрттөлгөндүгү, ошондой эле автотранспорт каражаттарын текшерүү учурунда атмосфералык абага ченемден ашык өлчөмдө зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып жаткандыгы аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, жеке жактарга жана Барпы айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканасына жалпысынан 7 административдик протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында укук бузган тараптарга жалпы 75 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана экологиялык талаптарды сактоо максатында укук бузган тараптарга 11 пункттан турган эскертме берилди.