Кыргызстанда акыркы жылдары токойлордун жалпы аянты 506,3 миң гектарга көбөйгөн
Мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 млн 540 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 799,5 миң гектары токой менен капталган аянт болуп саналат. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги ресурстарынан кабарлашты.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы токойлорду коргоо, сактоо жана башкаруу иштерин 40 токой чарбасы, 1 токой-аңчылык чарбасы жана 1 токойлорду коргоо жана сактоо станциясы жүргүзөт.
Учурда республика боюнча токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт. Салыштыруу үчүн, 1993-жылы бул көрсөткүч 767 миң гектар болгон. Натыйжада, акыркы жылдары токойлордун жалпы аянты 506,3 миң гектарга көбөйгөн.
Кыргызстандын токойлору курамына жана өсүү шарттарына жараша негизинен төрт өсүмдүк зонасына бөлүнөт. Алардын арасында карагайлуу, арчалуу, жаңгак-мөмөлүү жана башка токойлор бар. Ар бир токой экосистемасы өзүнүн биологиялык ар түрдүүлүгү жана экологиялык өзгөчөлүктөрү менен баалуу.
Токойлор жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулукту сактоодо чоң мааниге ээ. Алар климатка жана атмосферага оң таасирин тийгизип, абанын сапатын жакшыртууга, ошондой эле гидрологиялык процесстерди жөнгө салууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, токой өсүмдүктөрү топуракты шамал жана суу эрозиясынан коргойт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды токойлорго аяр мамиле жасап, жаратылышты булгабоого жана токой байлыктарын коргоого чакырат.
