Азия оюндары – 2026: Кыргызстандык эки спортчу коло медаль үчүн беттешет
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь

Азия оюндары – 2026: Кыргызстандык эки спортчу коло медаль үчүн беттешет

Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында бүгүн, 30-сентябрь кыргызстандык эки спортчу коло медаль үчүн беттешке чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова жана грек-рим күрөшү боюнча Раззак Бейшекеев өз салмак категорияларында коло медаль үчүн күч сынашат.

Раззак Бейшекеев 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде Катардын өкүлү Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Айтжан Халмаханов менен беттешип, 0:5 эсебинде жеңилип калган.

Мээрим Жуманазарова 68кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттешинде Өзбекстандын өкүлү Фируза Есенбаеваны 8:0 эсебинде жеңген.

Жарым финалда Түндүк Кореянын өкүлү Пак Сол Гумдан утулуп калды.

Коло медаль үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.