Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь
Нөшөрлөп жаан жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-2-октябрь күндөрү нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
Ведомстводон кабарлашкандай, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.
Ошол себептен министрлик жарандардан коопсуздук чараларын сактоону, дарыялардын, суулардын жээктерине жакын аймактарда болбоону жана тоолуу аймактарга чыкпоону эскертет.
Кырсык катталган учурда 112 кыска номерине кайрылыңыздар.
