Окуучулардын 7 килограммдык китеп баштыгы депутаттардын талкуусуна түштү
30 сентябрь

Окуучулардын 7 килограммдык китеп баштыгы депутаттардын талкуусуна түштү

Жогорку Кеңештин жыйынында мектеп окуучуларынын китептеринин салмагына байланышкан маселени депутат Бурул Аманова көтөрдү. 

Айтымында, ага ата-энелерден көп кайрылуулар болуп жатат. 

“Китептер абдан оор, башталгыч класстын окуучуларынын китеп баштыгынын салмагы 6-7 килограммдан ашып кетүүдө. Белиң ооруп ооруканага барсаң, дарыгер сөзсүз түрдө 5 килограммдан ашык жүк көтөрбө деген кеңеш берет. А биздин кичинекей балдар оор сумкаларды көтөрүүгө аргасыз”, - деди депутат. 

Ал бул боюнча Агартуу министрлиги кандайдыр бир чечим кабыл алаарына үмүттөнөрүн белгиледи.