Данияр Амангелдиев Бишкектеги узак жашоочулардан кабар алды
Министрлер кабинети
30 сентябрь

Данияр Амангелдиев Бишкектеги узак жашоочулардан кабар алды

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алдында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.

Алардын ичинен 21 адам Бишкек шаарында жашайт. Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын эмгектик жана коомдук салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуулар болду. Данияр Амангелдиев улуу муун өкүлдөрүнө урмат-сыйын жана ыраазычылыгын билдирип, алардын муктаждыктарына көңүл буруунун жана татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Улуу муун өкүлдөрүнө кам көрүү, алардын социалдык укуктарын камсыз кылуу жана татыктуу жашоо үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.