Депутат мурдагы вице-мэрдин баласы 16 миллион сомду алдап алганын билдирди
30 сентябрь

Депутат мурдагы вице-мэрдин баласы 16 миллион сомду алдап алганын билдирди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ысманалы Жороев алдамчылардын көбөйүп баратканына көңүл бурду. 

Айтымында, ага Таникулов Бакытбек аттуу жаран кайрылган. 

“Аны 16 миллион сомго Главбух Инвест“ аттуу компания алдап кетишкен. Бул компаниянын жетекчиси Абдылдаев Нияз аттуу жигит, анын атасы мурда вице-мэр болгону айтылууда. Ал бухгалтери менен биргеликте жарандын 16 миллион сомун алып коюшкан. А азыр кылмыш иши токтотулуптур, тергөө айыпталуучунун өздүгү такталбагандыктан, токтотууга мажбур болгонун белгилеген. Бирок Абдылдаев Нияз Бишкекте эле жүрүптүр”, - деди депутат. 

Ал жылдан жылга алдамчылыктын түрлөрү көбөйүп, алдамчылар улам бир ыкманы таап чыгып жатышканын кошумчалады. 

Мындан улам эл өкүлү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.