Сүрөт ачык булактардан алынды
30 сентябрь
Тоң районунда 49 млн сомдон ашык бааланган 29,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жалпы аянты 29,9 гектар жайыт жер 2007-жылы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 49 млн 200 миң сомду түзгөн 29,9 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.
