Парламентте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына байланышкан жагдайлар талкууланды
Жогорку Кеңеш
30 сентябрь

Парламентте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына байланышкан жагдайлар талкууланды

Бүгүн, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат алды.

Жыйында баяндама жасаган жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев аталган мыйзам 2011-жылдан бери колдонулуп келе жатканын белгилеп, ал этолондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстери менен объектилерин сактоого багытталгандыгын кошумчалады.

Андан тышкары, өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу уюштурулгандыгын айткан министрдин орун басары:

“Алардын аянты 509 миң гектарды түзөт. Ошону менен катар 724 миң гектар жерди ээлеген 13 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 241 миң гектар жерде жайгашкан 64 майда корукчалар да бар”, – деди.

Талкуу маалында депутат Жайлообай Нышанов мыйзам кабыл алынгандан бери киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу сурап, Беш-Арал мамлекеттик коругундагы Найза деген жерде алтын кени иштетилип жатканы тууралуу айтылган маалыматтарга да токтолду.

Өз кезегинде баяндамачы аталган кенге байланышкан лицензия өткөн жылы жокко чыгарылып, 200 гектар жер корукка кайтарылганын билдирди.

Ал эми депутат Медина Кайрылбекова Талас жана Бакай-Ата районундагы токой жерлеринин макамы тууралуу маселе көтөрүп, туристтик жайларды курууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга карата тоскоолдуктар бар экенин жүйө келтирди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.