Кыргызстанда дин маселесин көтөргөн блогерлерге жаңы талап киргизилди
30 сентябрь

Кыргызстанда дин маселесин көтөргөн блогерлерге жаңы талап киргизилди

Мындан ары Кыргызстанда Интернет аркылуу дин тууралуу маалымат тараткан ар бир жаран атайын күбөлүк алууга милдеттендирилет. 

Бул тууралуу КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин башкы адиси Нургазы Кыргызбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

“Мыйзамга “диний насаатчы” деген жаңы термин киргизилди. Ага ылайык, Интернетте дин тууралуу блок алып барган блогерлер, дегеле бул жаатта ишмердүүлүк жүргүзгүсү келген ар бир жаран сөзсүз түрдө Мусулмандар дин башкармалыгына барып, диний билимин тастыкташы жана кайсы жаатта блок алып бараарын маалымдашы керек. Андан соң биздин агенттигине келип, бир жылдык күбөлүк алышат”, - деди ал. 

Айтымында, эгерде күбөлүк алган блогер бир жыл ичинде туура эмес идеологияны жайылтса жана мыйзамдан тышкаркы иштерди жүргүзсө, анда күбөлүгү Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан чектелет. Ал эми бир жылдан кийин ага кайрадан күбөлүк берилбейт. 

“Бул тууралуу подкаст алып барып жаткан, дин жаатындагы ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөп чыгам, баян алып барам деген бардык блогерлер, дин кызматкерлери билиши керек”, - деди Кыргызбаев.