Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
30 сентябрь
Асан Жанышов Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду
Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Нагоя шаарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак чен бирдигинде Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду
Кыргызстандык балбан мелдешти чейрек финалдан баштап, өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңип алган.
Жарым финалда Асан Жанышов Казакстандын өкүлү Шамиль Ожаев менен күч сынашып,6:1 эсебинде жеңишке жеткен
Ал эми чечүүчү беттеште жапониялык Йошидо Тайзо менен килемге чыгып, мелдеш 1:11 эсебинде Жапон спортчусунун жеңиши менен аяктады
